Пайдалануучунун келишими

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Пайдалануучунун келишими (мындан ары — Келишим) www.invite.kg сайты (мындан ары — Сайт) аркылуу онлайн чакырууларды түзүү боюнча кызматтарды пайдалануу тартибин жөнгө салып турат.

1.2. Сайтты колдонуу менен, Пайдалануучу ушул Келишимдин шарттары менен таанышканын жана аларды кабыл алганын тастыктайт.

1.3. Чакыруулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген же тыюу салынган маалыматты камтыбоо керек.

1.4. Пайдалануучу Сайтка балдардын же чоңдордун порнографиялык сүрөттөрүн, ошондой эле жеке адамдардын ар намысына же укуктарын бузган контентти жүктөбөй турганын макулдашат.

2. Сайттын кызматтары

2.1. Сайт Пайдалануучуларга онлайн чакырууларды түзүп, бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

2.2. Пайдалануучулар өз сүрөттөрүн жүктөп, чакырууларды түзүү үчүн берилген шаблондорду колдонсо болот.

2.3. Сайт мурунку(эскирген) чакырууларды жана ошол чакырууларда колдонулган сүрөттөрдү администрациянын чечими боюнча жок кылууга укуктуу.

2.4. Сайт администрациянын чечими боюнча кошумча функцияларды киргизип же өзгөртүүгө укуктуу.

3. Каттоо жана колдонуучунун жеке профили

3.1. Сайттын кээ бир функцияларын колдонуу үчүн Пайдалануучу каттоо процедурасынан өтүшү керек, жөнөкөй каттоо варианттары (мисалы, Google auth ж.б.) аркылуу.

3.2. Пайдалануучу туура маалыматтарды берүүгө жана аларды актуалдуу сактоого милдеттүү.

3.3. Пайдалануучу өзүнүн эсептик жазуусунун купуялыгын сактоо жана анын профилиндеги бардык аракеттер үчүн толук жоопкерчилик алат.

4. Персоналдык маалыматтарды иштетүү

4.1. Сайтта катталганда Пайдалануучу өзүнүн персоналдык маалыматтарын, анын ичинде атын, электрондук почта дарегин жана башка маалыматтарды берет.

4.2. Сайт персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мыйзамдарга ылайык колдонууну жана Пайдалануучунун макулдугу жок үчүнчү жактарга бербөөнү кепилдик берет.

4.3. Пайдалануучу каалаган убакта сайттын колдоо кызматы кайрылып, өзүнүн персоналдык маалыматтарын жок кылууну сурана алат.

4.4. Эгер укук коргоо органдары судьялык чечим же ордер аркылуу персоналдык маалыматтарды берүүнү сураса, Сайт аталган органдар менен мыйзам чегинде кызматташууга даяр.

5. Контентти пайдалануу эрежелери

5.1. Пайдалануучу Сайтка жүктөгөн контенттин, сүрөттөрдүн жана тексттик материалдар үчүн жооп берет.

5.2. Сүрөттөрдү жана башка контентти жүктөө менен Пайдалануучу бул контенттин укуктарын өзүндө бар экенин жана үчүнчү жактардын автордук укуктарын бузбагандыгын тастыктайт.

5.3. Сайттын администрациясы ушул Келишимдин шарттарын же мыйзамдарды бузган ар кандай контентти жок кылууга укуктуу.

6. Кайтарым акчалар

6.1. Кайтарым акча төмөнкү учурларда мүмкүн:

- техникалык каталардан улам төлөм процесси жүргөндө (мисалы, эки жолу акча алынса)

- сервис себептери менен кызмат көрсөтүү мүмкүн болбогон учурда

- пайдалануучунун жеке кайрылуусу менен, эгерде кызмат толук аткарылбаса.

6.2. Кайтарым үчүн кайрылуулар 3 (үч) календардык күн ичинде төлөм жүргүзүлгөндөн кийин расмий байланыштар аркылуу кабыл алынат (мисалы, электрондук почта, телефон номери же WhatsApp).

6.3. Кайтарым төлөм жүргүзүлгөн картага же эсепке 5 (беш) иш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт, эгерде кайрылуу жактырылса.

6.4. Банк тарабынан төлөмдү жүргүзүү үчүн алынган комиссия кайтарылбайт жана транзакция жүргүзүлгөн банктын шарттарына жараша өзгөрүшү мүмкүн.

6.5. Сервис кызмат толук жана бузулбай көрсөтүлгөн болсо, кайтарымдан баш тартуу укугун сактайт.

6. Автордук укуктар

6.1. Сайтта жайгаштырылган бардык материалдар, анын ичинде тексттер, сүрөттөр жана графика автордук укук менен корголот.

6.2. Пайдалануучу Сайттын контентин жеке максатта гана колдоно алат жана Сайттын ээсинин уруксаты жок коммерциялык максатта колдонууга укугу жок.

6.3. Сайт тарабынан берилген контентти колдонууда, Пайдалануучу булакты көрсөтүүгө милдеттүү.

7. Жоопкерчиликти чектөө

7.1. Сайт платформанын каталарсыз иштөөсүнө кепилдик бербейт.

7.2. Колдонуучу сайтка жүктөгөн бардык материалдардын, анын ичинде текст жана сүрөттөрдүн, толук жоопкерчилигин алат. Сайт автордук укуктарды бузуу боюнча текшерүү жүргүзбөйт жана мазмунду модерация менен алектенбейт. Жүктөлгөн материалдардын мыйзамдуулугун жана шайкештигин камсыздай албайбыз, ошондуктан колдонуучуларга автордук укуктар жана интеллектуалдык менчик боюнча бардык тиешелүү мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону сунуштайбыз.

8. Жыйынтык жоболор

8.1. Бул Келишим Пайдалануучу тарабынан кабыл алынган учурда күчүнө кирет.

8.2. Сайт ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, жаңыртылган версиясын сайтта жарыялоого укуктуу. Пайдалануучу Келишимдин шарттарын мезгил-мезгили менен текшерүүгө милдеттүү.

8.3. Эгер бул Келишимдин кандайдыр бир жобосу жараксыз деп табылса, калган жоболор өз күчүн сактайт.